ЖУМУРТКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 25 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМУРТКА – уруктангандан кийин жаңы ор­ганизм өрчүүчү энелик клетка; үй куштарынан алынуучу баалуу диеталык тамак-аш продук­тусу. Жумуртка сарысы, агы, чел кабык ж-а кабык­тан турат. Жумуртканын морфологиялык белгилери, физикалык ка­сиеттери, химиялык курамы куштун жашына, генетикалык өзгөчөлүгүнө, тоютуна ж-а багылышына жара­ша болот. Бардык эле үй куштарынын жумурткалары формасы ж-а өлчөмү боюнча бирдей эмес. Жумуртка алы­нуучу тоок породаларынын жумурткасы жумуртка - эт багытындагы тооктун жумурткаларына караганда сүйрүрөөк (учтуураак) келет. Куш жумурткаларынын ичинен эң чоңу – каздын жумурткасы. Андан кийин­ки орунда (чоңунан кичинесине карай алганда) күрп, өрдөк, тооктун жумурткалары. Куш жумурткаларынын салмагы: тооктуку 55–65 г, каздыкы 110–180 г, күрптүкү 110 г. Жумуртканын сарысы – эң баалуу бөлүгү. Ал – адам организмине керек белок, май, минерал заттар, ошондой эле В, А, Д, Е витамин­дерине бай. Жумутканын сарысында адамдын орга­низмине керек лецитин бар. Жумурткадагы минерал заттар: кальций, фосфор, магний, калий, хлор, натрий, темир ж. б. Жумуртка организмге дээрлик толук сиңет. Каз, күрп, өрдөк жумурткалары тамак-­ашка аз керектелип, көбүнчө балапан чыгаруу үчүн жумшалат.