ЖУМУШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:40, 25 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМУШ , 1) м е х а н и к а л ы к ж у м у ш – күчтүн кандайдыр нерсени белгилүү аралыкка которуу ченин мүнөздөөчү физикалык чоңдук. Ал нер­сеге аракеттенген күчтүн сан маанисине, багы­тына, которулуу аралыгына ж-а нерсенин кай­сы чекитине аракеттенишине көз каранды. Эгер күчтүн сан мааниси ж-а багыты өзгөрбөсө,

1-сүрөт.

ал эми которулуу М М

түз сызык б-ча болсо (1-сүрөт), анда материалдык чекитке аракеттен­ген F күчтүн жумушу, ал күчтүн кыймыл багы­тына болгон проек­циясынын S жолуна көбөйтүлгөн көбөй­түндүсүнө барабар, башкача айтканда А=FS cosα; α – күч м-н кыймыл ба­гытынын ортосун­дагы бурч, S=М0М1; a<90° болгондо, жумуш –




оң сан. Эгер 180°≥α ≥ 90° болсо, жумуш – терс сан; α=90° болгондо, А=0. Бирдиктердин эл аралык системасында (СИ) жумуш Джоуль м-н ченелет.
Жумуштун мындан башка эрг (1 эрг = 10–7 Дж) ж-а килограмм-күч-метр (1 кгк⋅м=9,81 Дж) сыяктуу бирдиктери бар. Күчтүн жумушун жалпы эсептөө үчүн э л е м е н т а р д ы к жумуш (dA) деген түшүнүк киргизилет: dA=F⋅ds⋅cosα, мында ds –

нерсенин элементардык которулуусу, α – күчтүн багыты м-н ошол күчтүн түшүү чекитине жаны­манын арасындагы бурч (2-сүрөт). 2) т е р м о д и­ н а м и к а л ы к ж у м у ш – механикалык жумушту жалпыло­очу түшүнүк. Жылуулук энергиясынын алма-

2-сүрөт.

шуусунун негизинде термодинамикалык системанын параметрлери (мей­киндиктеги абалы, көлөмү, электр та­лаасы) өзгөргөндө жумуш аткарылат. Мисалы, системасынын кө­лөмү өзгөргөндө ат­карылган жумуш: dA=p dυ, р – басым, dυ – көлөмдүн өзгөрүшү.