ЖУМУШСУЗДУК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:52, 25 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМУШСУЗДУК – калктын эмгекке жарам­дуу белгилүү бир бөлүгү өзүнө жумуш таппаган­дыгы м-н мүнөздөлүүчү татаал социалдык-экономикалык абал. Эл аралык эмгек уюмунун аныктамасына ылайык‚ иштегиси келген‚ иштей алган‚ бирок жумуш орду жок адам жумушсуз деп аталат. Рынок экономикасында жумушсуздук жумушчу күчүнө талап м-н суроонун ортосундагы өз ара аракет­тин жыйынтыгы болот. Илимий-техникалык прогресстин таасири‚ өндүрүштүн натыйжалуулугунун өсүшү‚ экономиканын тармактык структурасынын өзгөрүшү‚ өндүрүштүн кыскарышы ж-а башка социалдык-экономикалык процесстердин натыйжасында ага ылайык жумушчу күчүнүн саны кыскарат же анын сапатына ж-а структурасына жаңы та­лаптар коюлат. Жумушсуздук кризис учурунда кескин көбөйөт. Рынок мамилесине өтүү биздин өлкөдө жумушсуздуктун көбөйүшүнө алып келди.