ЖУМУШЧУ СТАНЦИЯ
ЖУМУШЧУ СТА́НЦИЯ – жумушчу түйүндү ишке киргизүүчү сервер компьютер. Сервердин дисктеринде чогуу колдонулуучу программалар, маалымат базалары ж. б. жайгаштырылат. Түйүнгө туташтырылган жеке компьютерлер көбүнчө жумушчу станциялары деп аталат. Компьютердик түйүндөр (процессор, эс түзүлүштөрү ж. б.) – жалпы ресурстарды чогуу пайдаланууну камсыздоо үчүн дайындалган. Ресурстар үч түрдө болот: аппараттык, программалык ж-а информациялык. Мисалы, бардык катышуучулар жалпы принтерди колдонсо, алар жалпы аппараттык ресурсту бөлүшкөн болот.