ЖУМШАК БУУДАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 25 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУМШАК БУУДАЙ – буудайдын машагы узун, кылкандуу же кылкансыз, ак, саргыч, кызыл жылаңач дандуу түрү. Гексаплоиддүү түрү (сома клеткасында 42 хромосома болот) эң жумшак ж-а дүйнөнүн дыйканчылыгы өнүккөн бардык жеринде эгилет. Жумшак буудай кышка чыдамдуу, кур­гакчылыкка байымдуу келип, тез бышат. Даны­нан ун, акшак тартылып, аралаш тоют даяр­далат. Жумшак буудайдын 250дөн ашуун түрү бар. Эң көп эгилгени: Лютесценс, Эритроспермум ж. б. Кыргызстанда жумшак буудайдын Интенсивдүү (Ургаал), Эрит­роспермум 80, Кыргызстан 100, Фрунзе 60, Лю­тесценс 46 сорттору чыгарылган.