ЖУНГЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 25 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУ́НГЛИ (англ. jungle, хинди ж-а маратхи тил­деринде жангал – токой, чытырман токой) – бийик, катуу сабактуу чөп аралаш, жыш чык­кан дарак-бадал өсүмдүктөрү. Лианалар м-н чыр­малышкан дарактар ж-а чытырман бадалдуу токойлор да жунгли деп аталат. Жунглиге ротанг паль­масы, акациялар, чөп өсүмдүктөрүнөн – бийик өсүүчү дан өсүмдүктөрү (гигант бамбук, бал ка­мыш, эриантус ж. б.) мүнөздүү. Жунгли Индиянын тропик же субтропик ным климаттуу ж-а саз­дуу жерлеринде – Ганг дарыясынын жээгинде, Гима­лай тоосунун этегинде, Индикытайда, Зонд а­ралында арбын учурайт.