ГИДРАВЛИКА
ГИДРА́ВЛИКА (гр. hedor – суу, auljs – түтүк) – суюктуктун теӊ салмактуулук ж-а кыймыл закондору ж-а аларды инж. практикада (гидроэнергетиканы өнүктүрүү, жерди кургатуу ж-а сугаруу, суу м-н камсыз кылуу ж-а канализация ж. б.) колдонуу ж-дөгү илим. Ал илээшкектиги төмөн ж-а кысылбоочу суюктуктарды изилдейт. Г-да бир өлчөмдүү кыймылдар каралат, лабор-да ж-а табигый шартта эксперимент жүргүзүү натыйжасында жакындаштырылган көз карандылыктар алынат. Айрым принциптерин грек илимпозу Архимед иштеп чыгып, 15-к-дын ортосунан илим катары калыптанган. Леонардо да Винчи лабор. тажрыйбалары м-н Г-дагы эксперменттик изилдөөгө негиз салган. Г-нын өнүгүшүнө С. Стевин, Г. Галилей, Б. Паскаль, И. Ньютон, Д. Бернулли ж. б. чоӊ салым кошушкан. Тыгыздыгы туруктуу газдар үчүн Г. жыйынтыктарын колдонууга болот. Г. негизинен суюктуктун катуу беттер б-ча кыймылын карайт. Эгерде мурда суунун касиеттерин изилдесе, ал эми азыр коюу суюктуктардын (нефть ж-а анын продуктулары), газдардын, бир тектүү эмес суюктуктардын кыймыл закондорун да изилдейт. Г. экиге бөлүнөт: Г-нын теор. негиздери (суюктуктун теӊ салмактуулугун ж-а кыймылын изилдөө) ж-а бул теорияны колдонуп, айрым инж. маселелерди чечүүчү практикалык Г. Практикалык Г-нын негизги бөлүмдөрү: түтүк б-ча агуу (түтүктөр Г-сы), канал ж-а дарыялар б-ча агуу (ачык суу Г-сы), тешик ж-а майда көӊдөйчөлүү чөйрөдөн агуу (сарыгуу). Ар кандай суюктук м-н газдарды ташуу ж-а ар кандай максаттар үчүн пайдалануу маселелерин чечүүгө жараша Г-нын практикалык мааниси жогорулоодо. Г-лык маселелерди чечүү ж-а изилдөө методдору да өзгөрүүдө. Г. суюктуктун колдонмо механикасы катары да каралышы мүмкүн. О. эле канал ж-а өзөндөгү суунун агуусун изилдейт. Мында суунун тереӊдиги, эӊкейиштиги изилденип, кеме жүрүүчү, сугатка пайдаланылуучу, кургатуучу ж-а гидроэнергетикалык каналдарды, канализация түтүктөрүн долбоорлоодо
пайдаланылат.
Ад.: Богомолов А. И., Михайлов К. А. Гидравлика. М., 1965; Константинов Ю. М. Гидравлика. Киш., 1988.