БУРЯТТАР
БУРЯТТАР (өздөрүн буряад деп аташат) – Россиянын курамындагы Бурят Республикасынын жергиликтүү калкы. Иркутск облусунун Усть-Ордо Бурят автономиялык округу менен Чита облусунун Ага-Бурят автономия округдарында, ошондой эле Түндүк Монголия жана Түндүк Чыгыш Кытайда да жашашат. Жалпы саны 550–690 миӊ адам (2010), анын ичинен Бурятияда 286, 839 (2010). Бурят тилинде сүйлөшөт, монгол жана орус тили да колдонулат.

Дини – христиан, ошондой эле будда динин жана шамандыкты тутушат. Буряттардын этностук негизин түзгөн айрым уруулар Байкал аймагында байыртадан эле жашаган. Алар биздин заманга чейинки III кылымдын башталышында Борбордук Азия мамлекеттеринин (хунн, сяньби, жужан, түрк жана башкалар) курамына кирген. VIII–IX кылымдарда Байкал аймагы Уйгур хандыгынын бир бөлүгү болуп, мында курыкан жана байырку-байегу уруулары жашаган. Буряттар XI–XIII кылымдарда Монгол мамлекетине кошулуп, анын саясий, чарбалык жана маданий турмушуна катышкан. Бурят (бурийат) этноними жөнүндө алгач монголдордун «Көӊүлдө ыйык сактала турган жомоктор» (1240) деген жазма маалыматтарында эскерилет. Буряттар XVII кылымдын башталышында булагат, эхирит, хорин, хондогор урууларынын биригүүсүнүн негизинде калыптанган. Бул мезгилде Буряттар Жунгар хандыгынын курамында болгон. XVII кылымдын ортосунда Байкал аймагы Монголиядан бөлүнүп, Россиянын курамына кирген. Россия мамлекеттүүлүгүнүн шартында ар түрдүү топтор жана уруулардын консолидация процесси башталган. XIX кылымдын аягында бурят этносу түзүлгөн. 1921-жылы Ыраакы Чыгыш Республикасынын курамында Бурят-Монгол автономия облусу, 1922-жылы РСФСРдин курамында Бурят-Монгол автономия облусу, 1923-жылы Бурят-Монгол автономия ССРи, 1958-жылы Бурят автономия ССРи, 1992-жылы Бурят Республикасы түзүлгөн. Буряттар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык, балыкчылык менен кесиптенишип, көчмөн турмуштагы буряттар жыгач жана кийизден жасалган алты жана сегиз кырдуу боз үйлөрдө жашашкан. Алар бара-бара отурукташып, орустардын таасири менен жыгачтан жасалган үйлөрдү курушуп, боз үйлөрдү кошумча колдонушкан. Аялдар түрдүү түстөгү кездемелерден кооздолуп жасалган көйнөк кийип, эки өрүм чачына алтын-күмүштөн жасалган асем буюмдарды тагынган. Эркектер тик жакалуу, көркөмдөлүп саймаланган узун көйнөк кийип, белине күмүш кур, ал эми байлар жана нойондор жогорку социалдык абалын күбөлөндүргөн атайын кафтан кийип, канжар, орден-медалдарды тагынган. Тамак-ашы – негизинен эт, сүт, дан азыктары жана жер-жемиштер. Сүттөн жуурат, быштак, курут, май, каймак, айран, кымыз даярдашат.
Ш. Керимова.