ЖУНУШБАЕВ
ЖУНУШБАЕВ Абдрашит [1920, Калинин (азыркы Жайыл) району, Сары-Коо кыштагы – 1994, Бишкек] – топурак таануучу, география илимдеринин доктору (1973). К. И. Скрябин атындагы КАЧИни 1952-жылы бүтүргөн. 1956-жылдан Кыргызстан топурак таануу ИИИде топуракты эрозиядан сактоо бөлүмүн башкарган. «Кыргыз ССРнин топурактары» деген көлөмдүү монографияга авторлош. Кыргыз ССРнин топурактарынын, Кыргызстандагы топурак эрозиясынын карталарын түзүүгө катышкан. Жунушбаев 120дан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 6 монография, 12 брошюра ж-а буклет) автору. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кызыл Туу, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Александр Невский ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.