ЖУП ЖАЛБЫРАКТУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 25 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУП ЖАЛБЫРАКТУУЛАР (Zygophyllaceae) – өсүмдүктөрдүн эки үлүштүүлөр классынын ту­куму. Бир же көп жылдык чөп, бадал же чала бадал, айрым түрү дарак. Татаал канат сымал кесилген же бүтүн жалбырактары тушташ же кезектешип жайгашат. Кээде тикенге айланган жан жалбыракчалары болот. Гүлү жалкы же чачыдай, чатырдай топ гүлгө чогулган; кош жы­ныстуу, актиноморфтуу, кээде бир жыныстуу. Гинецейи 5–4 же 3–2 мөмө жалбыракчалардан түзүлгөн. Мөмөсү – кутуча, данекче же ширелүү жемиш. Алардын 23 уруусу 240тай түрү бел­гилүү. Кыргызстанда 11 түрү кездешет. Негизинен тропик, субтропик ж-а мелүүн алкактардын кургак райондорунда, Сахара, Батыш, Борбордук жана Оото Азия чөлдөрүндө, Араб жарым аралдарында, Австралия­да ж-а Түштүк Сибирдин кумдуу, таштуу, ылай­луу, шордуу жерлеринде өсөт. Кээде деңиз деңгээлинен 4000 м бийиктикке чейин кездешет. Көп түрүндө алкалоиддер, сапониндер, өңдөгүч заттар (ады­рашман, мык тикен) табылса, айрымдары чөл­дө кум бекитүүдө,шордуу аймактарды өздөштүрүүдө кол­донулат.