ЖУТАКЕЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:44, 30 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУТАКЕЕВ Абылкасым (1888, азыркы Нарын облусу, Нарын району, Жан-Булак айылы – 1933, Ат-Башы району, Ак-Жар айылы) – жазгыч акын, кыргыз адабиятын баштоочулардын бири. 13–14 жа­шынан ыр жаза баштаган. Алгачкы ырлары жетимчи­ликтин айынан көргөн кор-

дугу, тарткан азабы жөнүндө. 1920-жылы Алматы шаарында ачылган мугалимдер курсун бүтүрүп, 1923-жылы Ат-Башы­да мугалим, 1923–31-жылдарда На­рын уездинде союз кошчу­нун төрагасы, Ак-Жар кол­хозунун башкармасы болуп иштеген. Чыгармаларында өзү күбө болгон эки доордогу кыргыз турмушун ырга кошкон. Анын «Үч доор» поэмасында кыр­гыз элинин Октябрь революциясына чейинки оор тур­мушу, «Кайткан элде» 1916-жылкы улуттук-бош­тондук күрөш сүрөттөлгөн. «Кайран эл», «Эркин Тоо», «Кеңеш өкмөтү», «Кесел кедейдин арманы» аттуу көркөм мурастары калды.