ЖУУКУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:46, 30 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУУКУ – Жети-Өгүз районундагы чоң суулардын бири. Тескей Ала-Тоодон башталып, Ысык- Көлгө куят. Узундугу 63 км, алабынын аянты 590 км2. Карагай, арчалуу кууш капчыгай аркылуу агып, Жууку капчыгайынан Ысык-Көл ойдуңуна чыга бергенде агымы жайлап, тик капталдуу кууш коктуга өтөт. 60тан ашык куймасынын ириле­ри: Ашуу-Кашка-Суу, Жуукучак. Алабында жалпы аянты 1,36 км2 келген 11 тоо көлү бар, алардын эң ириси – Жууку көлү. Апрелде кире баштап, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чы­гымы 6,28 м3/сек; эң көбү 52,2 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Саруу, Даркан кыштактары жайгашкан. Аты байыркы кыргыз тилинде жуука, аң, аңгек маанисинде, ошондой эле кууш, тар капчыгайды да туюндурат.