ЖУУКУ АШУУСУ
ЖУУКУ АШУУСУ Тескей Ала-Тоодо. Жууку суусунун башында. Ысык-Көл өрөөнүн Ички Теңир-Тоо (Ара-Бел өрөөнү) м-н байланыштырат. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 3633 м. Чоң-Ашуудан 200 м төмөн, Барскон ашуусунан 120 м көтөрүңкү жатат. Аймагындагы чокулардан 700–900 м төмөн турат. Түндүккө ж-а түштүккө карай куржун тибинде артылган байыркы мөңгүлөрдүн аракетинен пайда болгон. Мойногу жапыз, түзөң, морена тектери ж-а шагыл м-н төшөлгөн. Капталдары урчук таштуу, түндүк бети өтүүгө татаал, түштүк (Ара-Бел) тарабы дээрлик түз. Каледондун гранит тектеринен турат. Мөңгүнүн тартылышынан ашуунун түндүк тарабындагы тепши сымал өрөөндүн таманында 3395 м бийиктикте Жашыл-Көл (узундугу 800 м, туурасы 300 м), түштүгүндө Чоконун көлү (узундугу 3 км, туурасы 200– 500 м) пайда болгон. Июнь–октябрда ачык. Ашуу аркылуу илгери кербен жол өткөн, азыр мал ашырылат.