ЖУУКУ КӨЛҮ
ЖУУКУ КӨЛҮ Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Жууку суусунун башында жайгашкан. Узундугу 450 м, эң жазы жери 250 м. Аянты 0,073 км2, суусунун көлөмү 0,204 млн м3. Эң терең жери 9,5 м. Тепши сымал өрөөндө деңиз деңгээлинен 3790 м бийикте жатат. Чанагы байыркы мөңгүдөн пайда болгон. Чыгыш тарабы анча бийик эмес морена м-н тосулган. Жээк тектирлери ж-а формасы көлдүн аянты мурда 2,5 эсе чоң болгондугун далилдейт. Бөгөттүн жуулуп кетишинен көлдүн деңгээли бөксөргөн. Суусу тузсуз, тунуктугу 2,5 м. Көлдөн Жууку суусунун оң куймасы агып чыгат.