ЖУУКУЧАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ
ЖУУКУЧАК МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы дарылык касиети бар минералдуу суу булактары. Каракол шаарынан 47 км түштүк-батыш, Саруу айылынан 10– 15 км түштүк тарапта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы Жууку суусунун оң куймасы Жуукучактын боюнда, деңиз деңгээлинен 2030 м бийикте. Жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1950–62-жылдарда геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Суу палеозойдо жиреп чыккан гранит интрузиясындагы тектоникалык жаракадан булак түрүндө чыгат. Бургулоодон да (260 м тереңдиктен) жылуу суу чыгарылган. Булактын дебити 0,4 л/сек (бургулоо көзөнөгүнүкү 2,35 л/сек). Химиялык курамы, физикалык касиети боюнча радондуу, хлорид-сульфат-кальций-натрийлүү арашан сууларына кирет. Суунун температурасы 31– 34°С. Жалпы минералданышы 0,3 г/л. Курамында йод, бром, СО2, темир, фтор бар. Газдын курамы боюнча суу азоттуу. Биологиялык активдүү компоненти – радон (36,7 эман), күкүрттүү суутек (1,5–2,5 мг/л), кремний кислотасы (44 мг/л). Минералдуу суу муун, жарат, нерв ооруларына шыбаа.