ЖУУРАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:43, 30 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУУРАТ – койдун ынак сүтүнөн уютулуп жа­салган байыркы ак азыктардын бири. Аны эч­кинин жана топоздун сүтүнөн уюткан учурлар да кезигет. Жууратты уютуш үчүн бышырылган жылуу сүткө уютку (айран) кошуп, кылбат жерге жы­луулап жаап коёт. Жуураттан жасалган сүзмөнү, ку­рутту кышка сакташкан. Айрым жерде жууратты кууш челекке бышып, майын алып, бышмасын суусундукка ичишкен. Кээде ичилбей калган бышманы казанга кайнатып, сары суусун сарык­тырып, курут жасашкан. Элдик медицинада жуурат эң кубаттуу азык катары бааланат. Эл арасында «Айран – алымдуу оокат, жуурат – жугумдуу оокат» деген макал ошондон улам айтылса керек.