ЖУЧУ
ЖУЧУ (1185–1227-жылдардын башы) – Чыңгызхандын тун уулу, аскер ишмери, моңгол ханы. Согуш ишине жаш кезинен машыккан. 1207–08-жылдарда Енисей кыргыздарын, Алтайды, Туваны, Дешт-и Кыпчактын чыгышын Моңгол империясына кошкон. 1219-жылы моңголдордун Орто Азияга жасаган жүрүшүндө Бухара, Самарканд, Хорезм, Кожент, Отрар, Үргөнч ж. б. шаарларды алууга катышып, өзүнүн аскери м-н Сыр-Дарыянын төмөн жагында жайгашкан Чыганак, Беженд, Аснаш ж. б. шаарларды каратып алган. Калкадагы салгылашуудан кийин (1223) Чыңгызхан ага Дешт-и Кыпчакты, Хорезмден Урал тоолоруна чейинки жерлерди энчиге берген. 1226–27-ж. Дешт-и Кыпчактын батышын толук багындырган. Моңголдорго каршы көтөрүлүштөрдү ырайымсыздык м-н басып турган. Кээ бир маалыматтар боюнча Чыңгызхандын жашыруун буйругу боюнча өлтүрүлгөн.
Т. Жуманалиев.