ЖУЧУ УЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 30 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖУЧУ УЛУСУ – 1224-жылы Чыңгызхан Дешт-и Кыпчакты, Хорезмге караган аймактарды то­лук бойдон тун уулу Жучуга бөлүп бергенде пай­да болгон ээлик. Жучу улусу Болгар жеринин түндүк-чыгышынан баштап, Днестр дарыясынын батышын, Крымдын түштүк-батышындагы тоолорду ж-а Кав­казда Баку, андан Түндүк Хорезмдин Үргөнч шаарларын өзүнө камтып, чыгышынан Сыр-Дарыянын төмөнкү алабы м-н Батыш Сибирге чейин со­зулган. Жучу өлгөндөн кийин (1227), бул жер­лер анын баласы Батыйга тийип (1227–56), ал Жучу улусунун чыныгы негиздөөчүсү болуп эсептелет. Батыйдын тушунда Жучу улусу жаңы каратылган орус ж-а Чыгыш Европа жерлери аркылуу кеңейтил­ген. Кийин Жучу улусу Ак (Батыш) ж-а Көк (Чы­гыш) ордолорго бөлүнгөн. Чынгызхандын ту­куму Алтынбешик деп эсептелгендиктен, ки­йинки тарыхый чыгармаларда Ак Ордо Алтын Ордо деп аталып калды.

Ад.: Греков Б. Д., Якубовский А. Ю. Золотая Орда и её падение. М.; Л., 1950; Вернадский Г. В. Монголы и Русь. М., 1997.

Т. Жуманалиев.