ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ
ЖУҢГАР ХАНДЫГЫ (1635–1758) – 17-кылымдын 1-жарымында Батыш Моңголияда түзүлгөн ойрот мамлекети. Тарыхый маалыматтар боюнча oyir-a (жакын), derben (төрт) деген түшүнүк м-н 15-кылымда ойроттор же «чорос» (жорос), «хошут» (хошоут), «тыргоот» (торгоут), «дөрбөт» (дербет) аталган төрт чоң уруу өз алдынча этностук, саясий конфедерация түзүшкөн деп айтылса, экинчи көз караш боюнча ойрот «токой адамдары» дегенди билдирет. Адегенде моңгол урууларынын ханы – Чыңгыз хандын тукумуна баш ийип, 16–17-кылымдарда чыгышынан моңгол хандары, батышынан Моголстан мамлекети м-н тынымсыз күрөш жүргүзүп турган. 16-кылымдын аягында Иртыш дарыясынын жогору жагында тайшы (князь) Саин-Сэрден башында турган тыргоот уруусу, батышында Каракулдун (Кара-Кула) кол алдындагы чоростор, аларга жакын Саин-Тэбенеге караштуу дөрбөттөр, Нарынколдо (Алтай) Байбагыш (Байбагас) ханга тиешелүү хошуттар турушкан. 1619–21-жылдарда халхас ханы Жолой-Уубашы (Алтан хан) коңтаажы, 1628–29-жылдарда анын баласы Омбо-Эрдене бул урууларга чабуул коюп, аёосуз кырган. Натыйжада тыргооттор м-н дөрбөттөрдүн көбү Волга жээгине жер которуп кетишкен (к. Калмакстан). 17-кылымдын орто ченинде алардын түштүк-батышындагы коңшусу Моголстанда саясий бытырандылык башталып, майда хандыктар м-н султандыктардын түзүлүшү, чыгышында жайгашкан Халха хандыгынын алсырашы, түштүк жагындагы күчтүү хандык – Чахар хандыгынын жоюлушу ойроттордун күчтөнүшүнө алып келген. 1634-жылы Каракул өлүп, анын ордун уулу Куту-Көчүн баатыр (Хуту-Коцин-Батур) ээлеп, жаңы хандык негизделет. 1640-жылы ойрот конфедерациясына кирген уруу-

лар Тарбагатайда курултай өткөрүп, жаңы мамлекеттин негизин түзгөн «Жалпы моңгол-ойрот мыйзамын» («Цааджин бичиг») кабыл алган. Хандык бийлик чексиз болуп, атадан балага мурас катары калган. Куту-Көчүн өлгөндөн кийин (1653) артында он бала калып, ордуна ортончу уулу Сеңге отурган. Алар эки жаатка бөлүнүп, Байбагыш хандын уулу Аблай-тайшылар «Оң жак хандыкты» («Баруң кар»; калмак тилинде «баруң» – оң, «кар» – кол, каруу) түзүшкөн.
Ага жооп кылган Сеңге тарабындагылар же «Сол

жак хандык» («Жуңгария»; «зуң» – сол, ошол кездеги орус документтери боюнча «зюнгарлар», «Зюнгария») деген атка ээ болгон. Жуңгар хандыгы күчтөнө баштаганда, Жолой-Уубашы түзгөн Алтан-хан мамлекети жоюлган (1667). Сеңге бир туугандары Баатыр, Чечен тайшылар колдуу болуп өлгөндө, анын ордун башка бир тууганы Галдан Бошокту (1671–97) алат. Жуңгар хандыгы Араптандын (Цеван-Раптан) тушунда (1697–1727) аябай өнүккөн. Ал Далай-ламанын колунан «Эрдене-Жүрөктүү-Баатыр коңтаажы» (Эрдени-Журюкту-Батыр-контайши) деген наам алган. Андан кийинки Жуңгар хандыгын Галдан Цэрен (1727–45), Цеван-Доржи Намжил Ажа-хан (1745–50), Лама Доржи (1750–53), Дабачы (1753–55), Амирсаналар (1755–57) башкарган. Азыркы Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жайгашкан жерлер Жуңгар хандыгы тарабынан 1643-, 1658-, 1681–84-, 1711–12-, 1714-,1717-, 1723-, 1725-, 1739–41-жылдарда аёосуз чабуулдарга дуушар болгон. Галдан Цэрен өлгөндөн кийин негизинен кыргыз, казактардын, өзгөчө Цин империясынын кийлигишүүсүнөн улам ж-а ич ара карама-каршылыктардын күчөшү, саясий-экономикалык кризистер Жуңгар хандыгын алсыроого алып келген. 1758-жылы Жуңгар хандыгы күч м-н Цин империясынын курамына киргизилген.
Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983;
Бичурин Н. Я.Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.; Л., 1950, Т. 1; Голстунский К. Ф. Монголо-ойратские законы 1640 г. СПБ., 1880; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995.
Э. Турганбаев.