ЖЫБЫТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 30 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫБЫТ – тоолордун, адырлардын капталда­рындагы майда ой-чуңкурлуу, кокту-колоттуу жерлер. Көбүнчө шиленди тектер м-н капталат. Морфологиялык түзүлүшү боюнча тарам-тарам майда колот­чолор же аянты 0,1–0,3 га болгон майда дөбө ж-а тайпак аңдар. Үстү кыртыштуу. Бийик тоо кыртышындагы түбөлүк тоңдон же чакан жер көчкүлөрдөн пайда болушу мүмкүн. Көбүнчө нео­гендик чополордон түзүлгөн чоң коктулардын баш жагында, капталында ж-а адырларда пай­да болот.