ЖЫГАЧ КОНСТРУКЦИЯЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 30 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫГАЧ КОНСТРУКЦИЯЛАР – толук же көпчүлүк бөлүгү жыгачтан жасалган курулуш түзүлмөлөрү. Жыгач конструкциялары тактай тилүүчү, жыгач иш­тетүүчү ишканада, көпүрөдө, мунарада, айыл чарба ку­рулушунда колдонулат. Курулушта – алкак, фер­ма, устун, кадоо, түркүк, таяныч, төшөлгө, кал­кан, кашек жана башка катары пайдаланылат. Ири жыгач конструкциялары эки-үч устундан туруп, желим же жыгач чегелер менен бириктирилет. Жыгач чегелүү устун­дардын узундугу 6 мден ашпайт, себеби аларды аштап узартууга бол­бойт.

Жыгач иштетүүчү ста­ноктордун түрлөрү.

Желимделген устундун узундугу 12–15 мге жетет. Өнөр жай има­ратындагы аралыкты жабуу үчүн өтмө конструкциялар (фермалар) пайдаланылат. Мей­киндик жыгач конструкцияларга тор­чолуу , кабыктуу конструкциялардагы мунара­лар жана мачталар ки­рет. Кабык түрүндөгү конструкциялар бир нече катмардуу болуп, тактайдан даярда­лат. Калкан жыгач конструкциялар үй­дүн чатырын жабуу­да колдонулат.