ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛДАР
ЖЫГАЧ МАТЕРИАЛДАР – жыгачтын табигый физикалык түзүлүшүн жана химиялык касиеттерин сактаган материалдар. Алар иштетилүүчү жана иштетилбөөчү болуп бөлүнөт. Иштетилбеген жыгач материалдарга бутактары кыркылып, керектүү узундукта кесилип алынган устундар кирет. Бул устундардын кабыгы аарчылгандан кийин, өнөр жайларда, турак үй курууда, байланыш жана электр зымдарына түркүк же мамы, жер астындагы кен байлыктарды иштетүүдө бекитүүчү материал катары пайдаланылат. Иштетилген жыгач материалдарга тилинген материалдар (тактай, шпал, брус, паркет тактайы жана башкалар), таарылган жана сүрүлгөн тактайчалар кирет. Жыгач материалдардын сапаты стандартташтырылган, анда жыгачтын сорту, түрү, иштетилүүдөгү кемчиликтери көрсөтүлөт.