ЖЫГАЧ УСТА
ЖЫГАЧ УСТА – жыгачтан түрдүү көркөм буюм жасоочу чебер. Жыгач уста жыгаччы, түндүкчү, ээрчи, кырмачы, тактачы, комузчу жана башкалар болуп бөлүнгөн. Ж ы г а ч ч ы боз үйдүн бүт жыгачтарын, т ү н д ү к ч ү боз үйдүн түндүгүн, э э р ч и ээр, айырмач, ыңырчак,
к ы р м а ч ы л а р аяк, табак, чара, сүзгү, тепши, челек, чыны куту, чөйчөк, кашык, соку, сокбилек, ийик, т а к т а ч ы ком, сандык, жагдан, такта, бешик, үкөк, чана, чийне, чарпал, к о м у з ч у л а р – комуз, кыл, кыяк, чоор, тактеке, добулбас, жыгач ооз комуз жана башкаларды жасашкан. Бул буюмдарды жасоого арча, кайың, терек, жаңгак, тал, өрүк, четин, кара жыгач, карагай, табылгы жана башкалар пайдаланылган. Жыгач устанын негизги куралдары: балта, араа, керки, байтеше, чот, бычак, ийди, аталгы, үшкү, көзөөч, тез, тарткы жана башкалар болгон. Ал өз үйүндөгү дүкөнүндө иштеп, бир экиден шакирт күткөн. Ар бир устанын колунан чыккан буюм чеберчилигине жараша жасалышы, кооздолушу, сапаты жагынан өзгөчөлөнүп, кимдики экени таанылып турган.