ЖЫЙНАЛГЫЧТЫК ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:15, 30 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЙНАЛГЫЧТЫК ОБЛУСУ – функционал­дык катардын жыйналуучу чекиттеринин көптүгү, башкача айтканда un (х)=u1(х)+u2(х)+...+un(х)+... өз- n=1 гөрүлмөнүн (х) маанилеринде жыйналат. Дара­жалуу катардын ⏐x – a⏐< r интервалынын чет­ки чекиттери жыйналгычтык облусуна тиешелүү же тиешесиз бо­лушу мүмкүн. Эгер ал аргументтин чыныгы маа­нилери үчүн каралса, анда жыйналгычтык облусунун четки чекит­терин камтыган (же камтыбаган) интервалдан, же бүткүл Ox огуна дал келген, же бир чекит­тен турат. Эгер аргументтин комплекстик маа­нилери үчүн каралса, анда жыйналгычтык облусу бир чекиттен же кандайдыр бир тегеректин бүткүл ички че­киттеринен (жыйналуу тегереги) же шакекче­ден (жыйналуу шакекчесинен) турат; бул теге­ректин чектик чекиттеринин кээ бири кирет же кирбейт. Ошондой эле жыйналгычтык облусу комплекстик тегиздик м-н дал келиши мүмкүн. Эгерде комплекстүү өз­гөрмөлүү даражалуу катардын даража көрсөткүчтөрү терс бүтүн сан болсо, ∞ ∑ n=1 аn = (z − a)n

= ∑a(z − a)−n түрүндөгү катар r =⏐z – a⏐айланасынын сыртында, башкача айтканда ⏐z – a⏐< r тегерегинин сыртында жыйналат, ичинде жыйналбайт.

Ад.: Мантуров О. В. и др. Математика в понятиях, определениях и терминах. Ч. 2. М., 1982.