БАШ-КАЙЫӉДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:57, 30 Июль (Теке) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАШ-КАЙЫӉДЫ – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы кыштак. Ача-Кайыӊды айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Ат-Башы кыштагынан 10 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 257 км аралыкта 1932-жылы орношкон. Деӊиз деӊгээлинен 2140 м бийиктикте. Калкы 4516 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, фельдшер-акушердик пункт, китепкана, клуб, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыштакта Советтер Союзунун Баатыры Дайыр Асанов туулган.