ИЛИМДИН ДОКТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:14, 30 Июль (Теке) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛИМДИН ДОКТОРУ – илимий даража. Биринчи жолу Болонья (1130), кийин Париж (1231) университеттеринде берилген. 1819-жылдан Россиянын университеттерине киргизилип, 1934-жылдан илимий. кыз­маткерлерге бериле баштаган. Илимдин доктору даражасын ЖОЖдордун жана илимий изилдөө мекемелеринин өтүнүчү боюнча илимдин кандидаты деген даражасы бар, көлөмдүү илимий эмгектерин жарыялаган жана док­тордук диссертациясын эл алдында коргогон илимий кызматкерге Жогорку аттестация комиссиясы (ЖАК) ыйгарат. Диссертация илимге жана илимий практикага маанилүү салым кошкон өз алдынча илимий изилдөөчү болуп, теориялык жалпылоолорду жана айрым илимий маселелердин чечилишин камтыйт. Илимий да­ражасы илимдин төмөнкү тармактары боюнча бе­рилет: физика-математика, техника, химия, биология, экономика, педагогика, медицина, филология, философия, тарых ж. б.