ЖЫЛ
ЖЫЛ – Жердин Күндү бир жолу толук айланып чыккан мезгилине кеткен убакыт (365 сутка 6 саат). Календарь жылы жөнөкөй жыл үчүн 365 сутка ж-а узак жыл үчүн 366 суткага созулат. Жылдын узактыгын аныктоо байыртан эле илимий маселелерден болуп, астрономиялык кубулуштардын кайталанышына байкоо жүргүзүү иш жүзүндө маанилүү болгон. Жылдын тагыраак мааниси байыркы Кытай м-н Египетте белгилүү эле. Б. з. ч. 2-
кылымда Гиппарх жылы «3651/4 –1/300 күнгө» барабардыгын аныктаган. Бул сан жылдын азыркы маанисинен 61/ минга гана айырмаланат. Жер Күндүн айланасында татаал кыймылда болгондугуна жараша жыл төмөнкүчө бөлүнөт: 1) жылдыздык (сидерикалык) жыл Күндөн жылдыздарга салыштырмалуу асман сферасы боюнча бир
жылдык айлануу жолун камтыган убакыт өлчөмү (365, чөмү (365, 2596); ажыдаар Ж-ы – Күндүн тийиштүү убакыт өлчөмү өткөндөн кийин Ай орбитасынын түйүнүнө кайткан мезгилди камтыган Ж. (346, 62); Юлий Ж-ы – мурдакы стилдеги календарь Ж-ы (365, 25); Григорий Ж-ы – азыркы мезгилдеги Ж. эсеби (365, 2425); ай Ж. –
12 Ай айларына тете келген календарь Ж-ы (354, 367).