ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛ МЕЗГИЛДЕРИ – жылдыздуу асман боюнча күндүн байкалган кыймылына ж-а табияттын мезгилдүү өзгөрүшүнө жараша жылдын мезгил­дерге – жаз, жай, күз, кышка бөлүнүшү. Ал Жер­дин өз орбитасынын тегиздигинде, эклиптика­да 23°26′ (66°34′) бурч м-н жантайып, айлануу огу м-н аныкталат. Жылдыздуу асман боюнча Күндүн көзгө көрүнгөн кыймылына жараша жыл (жаз, жай, күз, кыш) мезгилдерге бөлүнөт. Жер Күндү айланганда, анын айлануу огу өзүнө жарыш жылгандыктан, Жер жыл бою бирде түндүк, бирде түштүк жагы м-н Күнгө карата жан­таюу абалында болот. Натыйжада Күн бирде Жердин Түндүк, бирде Түштүк жарым шарын жарык кылып, күчтүү ысытат да, Түндүк жарым шарда жай болгондо, Түштүк жарым шарда кыш ж-а тес­керисинче болот. Күн борбору эклиптика боюнча кыймылдап, Түштүк жарым шардын асман сфера­сынан Түндүк жарым шарга (20- же 21-мартта) өткөн учурда, Түндүк жарым шарда жаз башта­лат. Ошол күнү Жердин бардык бетине (уюл­дук аймактардан башка) күн-түн теңелет. Жай­дын башталышында Түндүк жарым шарда (21- же 22-июнда) Күн эклиптиканын Түндүк чекити (жай­кы күн токтолуу чекити) аркылуу өтөт. Бул учурда Жердин Түндүк жарым шарында күн, ал эми түштүгүндө түн өтө узарат. Күздүн башта­лышында – түндүк жарым шарда (23-сентябрь) Күн экваторду 2-жолу кесип өтүп (күзгү күн-түн те­ңелүү чекити), Түндүк жарым шардан түштүккө өтөт. Жердин бардык орундарында кайрадан күн-түн теңелет (түндүк жарым шарда 21- же 22- декабрь). Күн эклиптиканын түштүк чекити (кыш­кы күн токтолуу чекити) аркылуу өткөндө, кыш башталат да, Жердин Түндүк жарым шарында күн, түштүгүндө түн өтө кыскарат. Жер орбитасы эл­липс түрүндө болуп, Күндү бир калыпта айлан­багандыктан, жыл мезгилинин узактыгы да ар түрдүү болот. Январь айында Жер перигелий ар­кылуу өтүп, Күнгө абдан жакындайт. Бирок күн нуру жер бетине абдан кыйгач түшкөндүктөн, аба ырайы суук болот. Ал кезде Жер тезирээк кыймылдайт, Түндүк жарым шарда кыш кыска­рып, жай узагыраак болот. Азыркы учурда түндүк жарым шарда жаздын узактыгы – 92,8 сутка, жай – 93,6 сутка, күз – 89,8 сутка, кыш – 89,0 сутка болуп, бардыгы 365,2422 сутканы (тро­пиктик жыл) түзөт. Жер орбитасы эллипс түрүндө болгондуктан, аба ырайынын мезгилдүү өзгөрүшүнө жылуу ж-а муздак агымдар, тоолор, шамал көбүрөөк таасир этет. Ошондуктан кү­нүмдүк турмушта жыл мезгилинин алмашуусун астрономиялык эмес, жаратылыш белгилери (орточо сутка­лык температура) боюнча аныкталат. Астрометриялык жыл мезгилине карата календарлык мезгил 21–22 суткага жылды­рылып эсептелет: жаз (март, апрель, май), жай (июнь, июль, август), күз (сентябрь, октябрь, ноябрь), кыш (де­кабрь, январь, фев­раль).