ЖЫЛААЖЫН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:48, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛААЖЫН – 1) жезден жасалып, алтын, күмүш жалатылган кичинекей, тоголок кооз коңгуроо. Жылаажынды кичинекей балдардын жакала­рына, жаш кыздардын шуру, мончокторунун, келиндердин чач учтугунун ар кайсы жерине тагышкан. Кыз минүүчү атка катылган жүгөндүн сагагына же эки жаагына бириктиришкен. Кыз-келиндер кийүүчү бийик өкчөлүү өтүктүн такасын атайы көңдөйлөп, ага жылаажын орнотушкан. Аны кийип басканда, уккулук­туу үн чыккан. Жылаажын айрым жерде з ы ң г ы р о о ч деп да аталат; 2) кыргыздын эң байыркы музыкалык аспаптарынын бири.