ЖЫЛАМЫШ ГРАНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛАМЫШ ГРАНИ́Т КЕНИ – Чүй өрөөнүндөгү гранит ташы жаткан жер. Сокулук районунда, Но­вотроицк темир жол бекетинен 23–26 км түштүктө, Жыламыш суусунун оң өйүзүндө. Кен аймагын ордовик мезгилинин аягында гранит интрузия­сы жиреп чыккан. Гранит орто ж-а ири крис­таллдуу, боз, кызгылт ж-а кызыл түстө. Жак­шы сайкалданып, күзгүдөй жаркырап калат. Запасы бир нече млн м3ге жетет. Гранит има­раттын ичи-тышын кооздоп каптоого жарактуу; көркөм буюмдарды жасоого да болот.