ЖЫЛАН-АРЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛАН-АРЫК , П и о н е р (Кайкалак) – На­рын районундагы кыштак. Сары-Ой айыл округу­на караштуу. Нарын дарыясынын сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1700 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Нарын шаарынан 75 км батыш тарапта. Ба­лыкчы темир жол бекетинен 244 км. Кыштак 1924-жылы негизделген. Калкы 1079 (2022); негизинен фер­мер чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана, мончо, ФАП, дарыкана бар. Соода түйүндөрү иштейт.