ЖЫЛГЫН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛГЫН – Жалал-Абад облусунун Аксы районун­дагы кыштак. Кызыл-Туу айыл округуна ка­раштуу. Кожо-Ата суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 1060 м бийикте жайгашкан. Райондун бор­бору Кербен шаарынан 61 км түндүк-чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 61 км. Калкы 1241 (2022); негизинен мал ж-а дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. ФАП, туристтик база иштейт.