ЖЫЛГЫН (өсүмдүк уруусу)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:39, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ЖЫЛГЫН ( to ЖЫЛГЫН (өсүмдүк уруусу)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛГЫН (Myricaria) – жылгындар тукумун­дагы өсүмдүк уруусу. Анча бийик эмес бадал, кээде даракча. Бийиктиги 1,5–6 мге жетет. Жал­бырагы майда, учтуу, түрпүчөдөй, кезектешип жайгашкан. Топ гүлү чачыдай же машактай. Гүлү кооз, желекчелери ак, мала кызыл же кө­гүш. Мөмөсү – кутуча. Жылгындын Кыргызстанда 3 түрү – көрктүү жылгын, түлкү куйрук ж-а түрпүлүү жылгын кез­дешет. Өзөндүн шагылдуу жээгинде, сайда өсөт. Айрым түрүнөн боёк заттар алынат. Жаш бу­тактары малга тоют. Жалбырагы С витаминине бай. Кабыгы өңдөөчү зат катары колдонулат.