ИНГУШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:58, 31 Июль (Теке) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНГУШТАР (өздөрүн галгай деп аташат) – Россия Федерациясынын курамындагы Ингушстандын калкы.
Чеченстан, Түндүк Осетия, Казакстан, Орто Азия жана Жакынкы Чыгышта да жашашат. Жалпы саны 472,5 миң киши (2003). Ингуш тилинде, ошондой эле орус тилинде сүйлөшөт. Негизинен мусулман-сун­ниттер. Ингуштар жөнүндө алгачкы эскерүүлөр VII кылымга

таандык. Тили жана маданияты боюнча чечендерге жакын. Байыркы убакта ингуштар уруу жамааттарына (Галгай, Цорин, Жей рах, Мец­халь) бөлүнүп, тоолуу ай­мактарда жашап, XVI–XVII кылымдарда өрөөндөргө (Түндүк Осе­тия) отурукташышкан. XIX кылымда алгачкы Ангуш же Ингуш (азыркы Тар өрөөнүндөгү Тар кышта­гы) кыштагында пайда болуп, эл кыштактын атынан аталган. XIX кылымдын башталышында Россиянын, XX кылымда РСФСРдин курамына кирип, Ингуш автономиялык облусу, 1934-жылы Чечен автономиялык облусу менен биригип, Чечен-Ингуш автономиялык облусу, 1936-жылы Чечен-Ингуш Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы түзүлгөн. 1944-жылы ингуштар күч менен Орто Азияга жана Казакстанга көчү­рүлгөн. 1957-жылы Чечен-Ингуш Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы калыбы­на келтирилип, ингуштар кайрадан мекенине кайтып келишкен. Ингуштар мал чарбачылык жана дыйканчы­лык менен кесиптенишип, хата-мазанкада (дуба­лы топурактан согулган же жыгачтан жасалып, сырты ылай менен шыбалган үй) жашашкан. Салт­туу кийимдери жалпы кавказ тибинде. Эркек­тер көйнөк, бешмант, черкеска, башына папах кийип, белине кур байланып, канжар тагыны­шат. Аялдар узун көйнөк, кенен ыштан кийип, оромол жамынышат. Тамак-ашы негизинен дан, эт, сүт азыктары жана жер-жемиштер.


Ад.: Ингушетия и ингуши. Назрань; М., 1999.