БИРИНЧИ МАЙ (Бакай-Ата районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:16, 31 Июль (Теке) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИРИНЧИ МАЙ – Талас облусунун Бакай-Ата районундагы кыштак. Орос айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Бакай-Ата кыштагынан 28 км түндүк.-батыш тарапта. Жамбыл темир жол бекетинен 80 км. Деӊиз деӊгээлинен 1027 м бийиктикте жайгашкан. Кыштак 1928-жылы негизделген. Калкы 2452 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, ФАП, клуб, китепкана бар.