ДЕКЛАРАТИВ ТИЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 31 Июль (Теке) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕКЛАРАТИ́В ТИЛ (Declarative markup Language, DML), ж а р ы я т и л – текст иш­тетүүдө текст бөлүктөрүн белгилөөчү жана калып­тоочу коддор системасы. Бул тил тексттин бөлүктөрүн, мисалы, документти киргизүү, баштоо, автордун аты сыяктуу айрым фрагменттерин атайын белгилер менен белгилейт. Документтин бөлүгүн калыптоо программанын п а р с е р (синтаксис анализдегич) деп аталган бөлүгүнө тапшырат, ал калыптанган документти чагыл­дырат жана документтин бул бөлүгүн белгилөө менен ага мүнөздүү көрүнүш берет. DMLдин эл ара­лык стандарты SGML (Standard Gene-ralized Mаrkup Language) тилинин жалпыланган стан­дартынын негизинде түзүлөт. DML м-н HTML (Гипертекст документтерин даярдоо тили) ти­линин ариби, жайгашуусу, түсү жана башка көп бол­гондуктан, web-документтерди түзүүдө кеӊири колдонулат. HTML документтин бөлүктөрүн бел­гилөөчү декларатив тил браузер тарабынан колдонулат жана чынында анын парсери болуп саналат.

А. Өмүралиев.