ЖЫЛМАЛОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛМАЛОО – 1) абразивдүү аспаптардын жар­дамы менен материалдын (металл, жыгач, таш жана башкалар) бетин күзгүдөй жалтыратып иштетүү. Ме­талл кийизден же кездемеден жасалып, бетине жылмалоочу паста сүртүлгөн жумшак айланма тегерек, кайрак, өгөө жана башкалар менен жылмаланат. Айрым учурда электролиздик жылмалоо (электролиз­дин жардамы менен) колдонулат. Жыгачтын бе­тине жылмалоочу тунук смола (политура) сүйкөлүп, вена акиташы менен күзгүдөй кылып жалтыратылат. Ташты жылмалоодо (шлифовкалоодон кийин) нымдалган тегерек кийиз менен күкүмдүн (мисалы, калай кычкылы) ичке агымын берүү ар­кылуу иштетилүүчү бет сүртүлөт. Бул иш жыл­малоочу станокто, электр аспаптары, кээде кол менен жүргүзүлөт. Жылмалоо металл иштетүүдө кеңири таралган. Жыгач менен ташты иштетүүдө, адеген­де алардын бети жылмаланып, андан кийин сырдоо, лак жабуу, жалтыратуу иштери ат­карылат; 2) жыгачтын тышкы түрүн жакшыр­туу жана атмосферанын таасиринен сактоо үчүн бетин политура менен каптоо.