ЖЫЛНААМА
ЖЫЛНААМА , о к у я н а а м а – тарыхый окуяларды жылма-жыл хронологиялык баяндаган чыгарма. Мындай чыгармаларды көрүнүктүү хан, аскер башчы, бий, манап, даткалардын жанында жүргөн, тарыхый окуяларга түздөн-түз катышкан кишилер жазган. Кыргыз адабиятында Молдо Нияздын, Осмонаалы Сыдык уулунун жылнаамалары белгилүү. Кээде мындай чыгармаларда объективдүүлүк бузулуп кеткен, бирок тарыхый фактылар м-н таанышууда, өткөн заманды туура түшүнүүдө баа жеткис мурас болуп саналат. Бабурдун «Бабыр-наама», Абулгазинин «Түрк чежиреси» сыяктуу окуя наамалары дүйнөлүк адабиятта жогору бааланат.