ЖЫЛУУ-СУУ
ЖЫЛУУ-СУУ , Ү ч - Э м ч е к – Тоң районундагы (Ички Теңир-Тоодо) суу. Нарын дарыясынын алабында. Узундугу 51 км, алабынын аянты 690 км2. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталына Үч-Эмчек тоосу кошулган жердеги мөңгүлөрдөн башталып, Буркан суусуна (Кичи Нарындын жогорку бөлүгү) куят. Алабынын 9,5%ин (жалпы аянты 65,8 км2) мөңгү ээлейт. Куймалары: Кашка-Суу, Ашуу-Суу ж. б. Чатына жакын Тешик-Көл (аянты 0,65 км2) жайгашкан. Ага жакын жерден жылуу кайнар булак чыгат. Жылуу-Суу июнда кирип, сентябрда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 7,5 м3/сек. Өрөөнү Тоң ж-а Нарын райондорунун малы үчүн жайыт.