ЖЫЛУУ-СУУ ТАНТАЛ-НИОБИЙ КЕНИ
ЖЫЛУУ-СУУ ТАНТА́Л-НИО́БИЙ КЕНИ Баткен районунда, Алай кырка тоосунун түндүк капталында, Кожо-Ашкан суусунун баш жагында, Гуамыш, Жылуу-Суу, Ылай-Суу сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 2600–3500 м бийикте жайгашкан. 1956–59-жылдарда издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермь мезгилиндеги нефелиндүү сиенит интрузиясы м-н жирелген жогорку карбондун чөкмө тектеринен (сланецтер, кумдуктар, конгломераттар) турат. Кенташтуу метасоматиттер интрузиянын батыш тарабындагы эндо ж-а экзоконтактта пайда болгон. Бардыгы 15 кенташтуу аймакка бөлүнгөн. Негизги кенташ минералдары: пирохлор, циркон, торит, бетафит. Тантал кычкылынын кенташтагы өлчөмү 0,008%, ниобий кычкылыныкы – 0,071%. Тантал-ниобий кенташынын С2 – категория боюнча запасы 13338,4 миң т, тантал кычкылыныкы С2 – 1067 т, ниобий кычкылыныкы – 9470 т. Андан тышкары цирконий кычкылынын запасы – 15947 т, литийдики – 25885 т, торийдики 10000 т.