ЖЫЛУУЛУК
ЖЫЛУУЛУК — 1) материя кыймылынын бир түрү; 2) нерселерди түзүп турган микробөлүкчөлөрдүн (атом, молекула, фотон ж. б.) иретсиз кыймылы; 3) энергиянын жылуулук алмашуу аркылуу бир нерседен экинчи нерсеге өтүү процесси же берилген жылуулук саны. Жылуулук алмашууда система кабыл алган же бөлүп берген энергия саны – жылуулуктун сандык ченеми. Жумуш м-н бирге жылуулук саны – системанын ички энергиясынын өзгөрүү ченеми. Жылуулук алмашууда системанын ички энергиясы системанын молекулалары м-н аны курчаган нерселердин молекулаларынын түздөн-түз өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжасында өзгөрөт. Нерсе бөлүкчөлөрүнүн иретсиз кыймылдагы энергиясы жылуулук энергиясы деп аталат. Жылуулук энергиясы зат молекулаларынын иретсиз алга жылуу, айлануу ж-а атомдордун молекула ичиндеги термелүү кыймылдарынын суммасынан турат. Жылуулук кыймылынын закон ченеми термодинамикада, статистикалык физикада ж. б. каралат.