БОЗ ТҮШҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:10, 31 Июль (Теке) 2025 карата Begay (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЗ ТҮШҮҮ – чаӊдын, түтүндүн ж. б. заттардын абада топтолушунун натыйжасында атмосферанын бир аз тунарып турган абалы. Көбүнчө боз түшүү чоӊ шаарлардын үстүндө, кыртышы өтө кургак чөлдүү жана жарым чөлдүү райондордо же ошол тараптан келген аба массаларында байкалат. Боз түшүү күчөгөн убагында 1 км, кээде ага жетпеген аралыкта туман баскансып, атмосфера тунарып, жер даана көрүнбөй калат.