ЖЫЛУУЛУК БАЛАНСЫ
ЖЫЛУУЛУК БАЛАНСЫ – бардык жылуулук м-н пайдалуу ишке жумшалган ж-а пайдалануу убагында коромжу болгон жылуулуктардын суммасынын барабардыгы. Техникада жылуулук балансы буу казанында, меште, жылуулук кыймылдаткычтарында ж. б. механизмдерде болуучу жылуулук процесстерин анализдөө үчүн пайдаланылат. Жылуулук балансы астрофизикалык, геофизикалык, химиялык, биологиялык ж. б. проблемаларды чечүүдө, илимий изилдөөдө пайдаланылат. Пайдалуу жылуулук – суу казанында сууну жылытууга, буу казанында бууну пайда кылууга кеткен жылуулук. Коромжу болгон жылуулук – түтүн м-н айлана-чөйрөгө кетет ж-а күл м-н чыгат. Суюк же газ түрүндөгү отундар толук күйүп, коромжу дээрлик болбойт. Агрегаттарды сыноонун негизинде түзүлгөн жылуулук балансы боюнча үнөмдүүлүк аныкталат.