К тамгасы
К тамгасы , к – латын, Кирилл графикасын колдонгон элдердин, анын ичинде кыргыз алфавитиндеги он экинчи тамга. Адегенде байыркы финикия жазмасында жаралып, кийин байыркы грек графикасы аркылуу латын алфавитине, андан кириллицага өткөн. Ичке үндүүлөр менен айкалышканда жана орус тилинен кабыл алынган сөздөрдө (мис., ток, актив) түпчүл к, жоон үндүүлөр м-н (а, о, у, ы, аа, оо, уу) айкалышканда артчыл (увулярдуу) каткалаң үнсүз к (кь) жана орус тили аркылуу кабыл алынган сөздөрдө өзүнөн кийин келген жумшак үнсүз ылайыкташкан таңдайчыл к (мис., кюри, кяхта) тыбыштарын туюнтат. Бул тыбыштар акустика-артикуляциялык жактан бири-биринен айырмаланат.
