ЖЫЛУУЛУК ИЗОЛЯЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:31, 31 Июль (Теке) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЫЛУУЛУК ИЗОЛЯЦИЯСЫ – имараттардын, өнөр жай жылуулук курулмаларынын (же алардын айрым түйүндөрүн), муздаткыч камералардын,өткөргүч түтүктөрдүн ж. б-дын жылуулугун ай­лана-чөйрөгө чыгарбоочу иш чаралар. Мисалы, курулуш ж-а жылуулук энергетикасында жылуулук изоляциясы айлана-чөйрөгө чыккан жылуулукту азайтуу үчүн, муздаткыч ж-а криоген техникасында ап­паратураларды сырттан келген сууктан сактоо үчүн пайдаланылат. Жылуулук изоляциясы жылуулук өткөрбөөчү материалдан жасалган атайын тосмолор аркы­луу камсыз болот. Жылуулук изоляциясында төмөнкүдөй мате­риалдар колдонулат: аба же суу аркылуу жы­луулук алмашууда – аба өткөрбөөчү материал­дан жасалган тосмолор; нурдуу жылуулук ал­машууда – жылуулук нурун чагылтуучу мате­риалдар (мисалы, фольга, металл, лавсан плёнка­лары); жылуулук өткөрүү учурунда – көңдөй түзүлүштөгү материалдар. Жылуулук изоляциясынын натыйжа­луулугун жогорулатуу – жогорку көңдөйлүү материалдарды ж-а аба катмары болгон көп катмардуу конструкциялык түзүлүштөрдү колдонуу ар­кылуу жетишилет.