ИШЕМКУЛОВ
ИШЕМКУЛОВ Тилектеш (20. 8. 1939-жылы туулган. Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Ырдык айылы) – коомдук жана саясий ишмер, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1993), КРдин элге билим берүүсүнүн отличниги (1987). Пржевальск мамл. пед. ин-тту бүтүрүп, Барскон орто мектебинде мугалим (1962–63), комсомолдун Жети-Өгүз райкомунун 1-секретары (1963–65), Кыргызстан ЛКСМ БКнын секретары (1967–72), Кыргызстан КП БКнын маданият бөлүмүнүн башчысынын орун басары (1972 –73), партиянын Нарын обкомунун секретары (1980–84), КПСС БКнын алдындагы Коомдук ИАнын угуучусу (1978–80), партиянын Ысык-Көл обкомунун секретары (1980–84), «Советтик Кыргызстан» («Кыргыз туусу») гезитинин башкы редактору (1986–93), КР Жогорку Кеңешинин депутаты (1986–95), КРдин Казакстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси (1993–96), Кыргызстан – Пакистан достук коомунун президенти (1986), КРдин жазуучулар союзунун (1996-жылдан) мүчөсү жана журналисттер союзунун (1986–93) төрагасы, БГУнун журналистика кафедрасынын башчысы, профессор (1999), 2001-жылдан ректордун кеңешчиси. Ишемкулов кыргыздын атактуу адамдары тууралуу китептердин, монографиялардын редактору, 200дөн ашуун макалалардын, котормолордун, адабий сындардын автору. «Ардак Белгиси» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн» жана башка медалдар менен сыйланган.