КАЗЫБЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:09, 31 Июль (Теке) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЫБЕК Мамбетемин уулу, К а з ы б е к к а­з а л ч ы (1901, азыркы Нарын облусу, Ат-Башы району, Чет-Келтебек жайлоосу – өлгөн жылы белгисиз) – казалчы. Жаш кезинде молдодон окуп, жаза билген, сабаты диний багытта ачылган. Атасы Мамбетемин үч жыл болушка катчы болуп, анан бий шайланган. Атасы Казыбектин ырчылык жөндөм­-шыгын байкап, ырдаганына каршы чыгып, катуу тыюу салган. 1929-жылы бай-манаптын өкүлү катары кулакка тартылып (атасы менен бирге), Оренбург шаарына айдалган. Казыбектин ырчылык өнөрү советтик түзүлүштүн орношу, бай-манаптын өкүлү ка­тары сүргүнгө айдалышы менен чыккан. Сүргүнгө айдалгандар жөө-жалаңдап Оренбургга барган­дан кийин «Атасы үчүн баласы жооп бербейт» деген ошол кездеги мыйзамга ылайык 1930-жылы бошотулуп, Ак-Талаадагы кайындарына келип туруп калган. Эл кадырлап күтүп, баркы көтөрүлүп турган учурунда араздашкан эки уруунун капшабы менен кайрадан күнөөлөнгөн. 1931-жылы өз айылына келип, ошол эле жылы бас­мачыларга кошулуп, Кытай тарапка кеткен. Какшаал жергесинде качкын абалында үч жыл­га жакын жашап, 1934-жылы Кытайдан кайра Кыргызстанга өтүп келе жатканда кармалып, 1935-жылы атууга өкүм кылынган. Бирок өкүм 10 жылдык түрмө менен алмаштырылып, Өзбекстан­дын Чирчик деген жеринде түрмөдө болгон. Анын кайтыш болгону жөнүндө карама-каршылык­туу маалыматтар айтылат. Бирлери совет бий­лигин, Октябрь революциясын мактаган ырларынын аркасы менен түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошо­тулуп, жолдо келе жатканда каза болгон деш­се, айрым маалыматтарга, айрыкча ырларын­дагы кээ бир маалыматтарга караганда 1938-жылы каза болгон. Анын бүткүл өмүрү кордук, ачуу ыза, эл-жерден алыста арман менен өтүп, тубаса талантын толук ачып бере албай, мүмкүнчүлүгүн өзү каалагандай жүзөгө ашыра албай кеткен. Анын «Орунбордон каты» элге кеңири тараган. Казыбектин дээрлик бүт өмүрү эли-жеринен алыста жапа чегип, жабыр тартуу менен өтсө, анын ка­залдары да андан өткөн оор тагдырга кабыл­ган. Совет мезгилинде анын ырларын айтмак түгүл, атын атаганга тыюу салынган. Ошондой болсо да анын ырлары бүгүнкү күнгө чейин эл арасында оозеки сакталып, түшүнүктүүлүгүнөн, жугумдуулугунан улам ар бир адамдын жүрө­гүнөн түнөк таап келатат. Ысмы өзү туулган айылга жана Ат-Башы айылындагы орто мек­тепке берилген.


Ад.: Казыбек. Б., 2007.

Ы. Кадыров.