КАИМОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:43, 31 Июль (Теке) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАИМОВ Касым (6. 3. 1926, Талас району, Арал айылы – 13. 7. 1989, Бишкек) – жазуучу, Кыр­гыз ССР маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1976). Фрун­зедеги мугалимдер институтун (1945), КМУнун фи-

лология факультетин (1955) бүтүр­гөн. Таласта райондук ге­зиттин жооптуу секретары (1942–43), облустук «Лениндик туу» гезитинде түрдүү кыз­маттарда (1949–52), «Жаш ленинчи» журналында бө­лүм башчы, «Кыргызстан пионери» гезитинин жооп­туу секретары, редактору (1953–56), «Чалкан» (1956– 59), «Ала-Тоо» (1959–63) журналдарында редактор, «Кыргызфильм» сту­диясынын сценарий боюнча редколлегиясынын (1963–68), «Кыргызстан маданияты» гезити­нин (1968–73) башкы редактору, 1973-жылдан Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары болуп иштеген. Чыгармачылыгын 1942-жылы ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. 1955-ж. жарыкка чыккан «Соңку жолугушуу» деген алгачкы китеби жазуучуну чыгармачылык максатын эркин туюнта алган калемгер катары тааныткан. Касым – «Адашуу» (1957), «Мектеп жолунда» (1958), «Талаа жылдызы» (1964), «Бири бирине окшо­богон күндөр» (1968), «Кыш ыргактары» (1973), «Белгилүү эркек» (1975), «Ийри жылан» (1978) повесть, аңгеме, драмалар жыйнактарынын ав­тору. Атай Огомбаевдин өмүр жолун көркөм сүрөттөгөн идеялык-эстетикалык табылгаларга бай «Атай» (1961, 1969, 1979), «Акырын күтпө» (1984) романдары, «Тандалган чыгармалары» (1976, 1984) жарык көргөн. Касым назик юмор, ты­мызын какшык, жайдары күлкү жарата бил­ген аңгемечи, сюжет курууга уста, жандуу об­раз түзүүгө чебер, көп кырдуу жазуучу болгон. Орус тилинде Каимовдун «Ночь на перевале» (1958), «Атай» (1968), «Маршруты дружбы» (1970), «Степная звезда» (1972), «Жажда» (1985) жый­нактары чыккан. «Ардак Белгиси» ордени жана медалдар менен сыйланган.