ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ
ДУНГАН, КАЛМАК ЖАНА УЙГУР ЖЕР КОТОРУУЛАРЫ – 19-кылымдын 60-жылдарында Цин империясынын түндүк-батыш аймагында жана Чыгыш Түркстандагы дунгандардын көтөрүлүшүнүн басылышына байланышкан элдик кыймыл. Цин бийлигинин аёосуз жазалоосуна дуушар болуудан улам көтөрүлүшкө катышкандар азыркы Кыргызстан менен Казакстанга жер которууга мажбур болушкан. Адегенде 1866-жылы Жети-Сууга сарт калмак уругунан зоргандар көчүп келип, 1869-жылы Россия империясынын букаралыгын кабыл алышкан. Эки айыл алты сумундардын бири (1317 түтүн) Текес өрөөнүндө, экинчиси (732 түтүн) Верный уездине келип, эки болуштукту түзүшкөн. Россия күч менен ээлеп алган жерлер Иле аймагынын статусу жөнүндөгү Россия жана Цин империяларынын ортосундагы келишимге (кара: Петербург келишими, 1881) ылайык 1882-жылы кайра Кытайга кайтарылганда, 240 түтүн калмак өз ыктыяры менен Россиянын ээлигине өтүүгө макул болушкан. Натыйжада алар Капкак (Текес өрөөнү) аркылуу өткөн жаңы чек ара такталгандан кийин көл кылаасына келип, Каракол, Ырдык өзөндөрүнүн аралыгынан конуш алышкан. 1913-жылга карай 366 түтүн (2262 киши) Бөрү-Баш, Челпек, Бурма-Суу кыштактары пайда болуп, 1916-жылы алардын саны 483 түтүнгө (2,9 миң киши) жеткен. Дунган калкынын Жети-Сууга келиши эки этапка бөлүнөт. 1-этабында (1877) орус-кытай чек арасынан үч багыт менен өтүп, Да-Сы-Фу жол башчылык кылган 1166 ганьсулук дунгандардын алгачкы тобу 1877-жылы ноябрдын башы ченде Беделди ашып, Караколго келишкен. 1878-жылы жазга маал келгиндерге Караколго жакын Ырдыктан жер бөлүнүп берилген. Кытай аскерлери куугунтуктаган синьцзяндык жана ганьсулук дунгандардын экинчи тобуна (2 миңдей киши) Ма-Да-Жэнь жетекчилик кылып, алар Марал-Башы, Эркеч-Там аркылуу Түштүк Кыргызстанга өткөн. Шэньсилик дунгандардын Биянху (Бай Янху) баш болгон топ Торугарт, Кызыл-Бел ашууларын ашып, 1877-жылы Нарынга келишип, андан декабрдын аягында 3314 дунган Токмокко жеткен. Жол бою бардык кыргыз айылдары жолоочуларга мал, дан, баш калкалаганга боз үй, алачык ж. б. жагынан жардам берип турушкан. Дунгандардын Жети-Сууга келишинин 2-этабы орус өкмөтүнүн Цин бийлигине Иле чөлкөмүн кайтарып беришине байланыштуу болуп, 1881-ж. Петербургда түзүлгөн орус-кытай келишиминде макулдашылган. Ага ылайык, дунгандар менен уйгурларга Ата журтунда (Синьцзянда) калуу же Россия ээлигине кетүү эркиндиги берилгенде, кыйла бөлүгү Кытайда калуудан баш тартып, 1884-жылдын аягына карата 4682 адам ооп келип, баш-аягы 10 миңден ашуун дунган, 45 миңдей уйгур Жети-Суу облусунан орун алган. Уйгур улутундагы калк негизинен Верный (Алматы), Жаркен (Панфилов), дунгандар Бишкек (Пишпек), Ысык-Көл уезддерине жайгашкан. Түштүк Кыргызстанга келген дунган, уйгурлар адегенде Ошко жакын жерде (Кара-Суу району) туруп калган. Падышачылыктын баскынчыл-колониялдык саясаты жер-суу маселесинде даана байкалган же мыкты жерлер келгин орус дыйкандарына, казак-орустарга бөлүштүрүлүп, кыргыз, казактар тоо-ташка, чөл-талаага сүрүлгөн. Токмокко келген дунгандарга Чүй суусунун оң жээгинен 10306 теше жер берилгенде (1878), алар үй, короо-жай салып алышкан (азыркы Масанчын айылы). Сокулукка келген дунгандардын 33 үй-бүлөсүнө 1883-жылы дыйканчылыкка ыңгайлуу 2064 теше жер бөлүнүп, кийин ал жер орус падышасы Александр IIIнүн урматына «Александровка» деп аталган. Бишкек менен Токмокто дунган слободкалары (шаар четиндеги кыштак) 1882-жылы пайда болгон. Жети-Сууга отурукташкандан кийин бул аймакта Мариинск (Ырдык), Кара-Коңуз (кийин Николаевск), Александровка (Сокулук), Жаркен (Казакстан), Жалпак-Дөбө (Тараздан 5– 6 км аралыкта) болуштуктары уюшулуп, болуштар атайын шайлоочулардын жыйынында үч жылдык мөөнөткө шайланышкан.
Ад.: Сушанло М. Дунганское восстание во второй половине XIХ века и роль в нём Бай Янь-ху. Ф., 1959; Очерки истории советских дунган. Ф., 1967.
Т. Өмүрбеков.