ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕКТР БОРБОРУ
ЖЫЛУУЛУК ЭЛЕ́КТР БОРБОРУ – керектөөчүлөргө электр энергиясы м-н ысык суу ж-а буу түрүндө берилүүчү жылуулукту бир убакта иштеп чыгаруучу жылуулук электр станциясы. Жылуулук электр борбору негизинен отун, суу даярдоочу ж-а суу ысытуучу түзүлүштөрдөн, казандан, электр генераторунан, буу турбиналарынан, бууну керектөөчүлөргө бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдөн турат. Жылуулук электр борборунун артыкчылыгы пайдаланылуучу бууну, сууну жылытуу м-н эле бир убакта электр энергиясын иштеп чыгат. Жылуулук жылдын белгилүү гана мезгилинде талап кылынгандыктан, жылуулук электр борборунда буу тыгыздалат: өнөр жайы үчүн жыйналган буунун басымы 8–16 атмга, жылытууга арналган буунуку 1,2–25 атмга жетет.